Бишкекте «Урааным Манас» долбоору өттү

31-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Маданият 105

2026-жылдын 30-октябрында Бишкектеги Ала-Тоо аянтында жаштарды мекенчилдикке тарбиялоого жана улуттук баалуулуктарды даңазалоого багытталган «Урааным Манас» долбоору өткөрүлдү.Возможно, это изображение текст

Иш-чарага Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Айбек Дайырбеков, ошондой эле К. Үсөнбеков атындагы Аскер институтунун курсанттары катышты.

Долбоордун алкагында Кыргыз улуттук «Манас» театрынын өнөрпоздору концерттик программа тартуулашты. Төкмө акындар Акматбек Султан уулу, Нурайым Бактияр кызы, дастанчылар Иманбек Жээнбеков, Гулина Калыгулова жана театрдын манасчылары Манас эпосунан үзүндүлөрдү, төкмө ырларды жана дастандарды аткарышты.Возможно, это изображение текст

Иш-чаранын негизги максаты — улуу «Манас» эпосу аркылуу жаш муундун мекенчилдик сезимин ойготуу, улуттук аң-сезимди бекемдөө жана ата-бабалардан калган руханий мурасты жайылтуу.

Иш-чаранын соңунда «Урааным Манас» долбоорунун эстафетасы И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына тапшырылды.

 

 

 

 

 

 

31-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Маданият 105
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X