Бишкекте уруксатсыз септик казган курулуш компаниясына 93 миң сом айып пул салынды
Бишкек шаарындагы Токтоналиев көчөсүнүн тургундарынын арызынан кийин курулуш компаниясына пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 93 миң сом айып пул салынды.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына ылайык, жергиликтүү тургундар курулуш компаниясы уруксатсыз септик казып, саркынды сууларды агызıp жатканын билдиришкен.
Жарандардын кайрылуусунун негизинде Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгы текшерүү жүргүзгөн.
Анын жыйынтыгында аныкталган мыйзам бузуулар боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык чаралар көрүлүп, курулуш компаниясына 93 миң сом айып пул салынган.