Бишкекте V Элдик курултайга даярдык боюнча окутуу өттү

1-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 114

Бишкекте V Элдик курултайды өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча атайын окутуу уюштурулду.

Иш-чара 28-сентябрда Биринчи Май райондук муниципалдык администрациясынын имаратында өтүп, ага Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын өкүлдөрү, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын милдетин аткаруучу Жылдызбек Абдраимов, мэриянын тармактык саясат башкармалыгынын башчысы Илияс Колопов, райондук администрациялардын жана шаардык кызматтардын өкүлдөрү катышты.

Окутуу Президенттин 2026-жылдын 3-сентябрындагы №309 Жарлыгына ылайык өткөрүлдү. Анда V Элдик курултайга даярдык көрүү, уюштуруу иштерин координациялоо жана мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсү талкууланды.

Катышуучуларга курултайга даярдык көрүүнүн тартиби, маалыматтарды даярдоо, катышуучулар менен иш алып баруу жана уюштуруу иштерине коюлган негизги талаптар түшүндүрүлдү.

Ошондой эле Бишкек шаардык кеңешинин, мэриянын, райондук администрациялардын жана шаардык кызматтардын ишин биргелешип координациялоо боюнча практикалык маселелер каралды. Даярдык иштерин өз убагында жана сапаттуу жүргүзүү зарылдыгы белгиленди.

1-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 114
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X