Бишкекте V Элдик Курултайга даярдык боюнча окуу өткөрүлдү

28-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 123

Бишкекте V Элдик Курултайды өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча окуу уюштурулду. Иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин, мэриянын райондук администрацияларынын жана шаардык кызматтардын өкүлдөрү катышты.

Окууда Курултайга даярдык көрүүнүн тартиби, уюштуруу иштерин координациялоо, маалыматтарды даярдоо жана катышуучулар менен өз ара аракеттенүү боюнча талаптар түшүндүрүлдү.

Ошондой эле шаардык кеңеш, мэрия, райондук администрациялар жана шаардык кызматтардын биргелешип иш алып баруусунун маанилүүлүгү белгиленди.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-сентябрындагы №309 Жарлыгына ылайык өткөрүлдү.

28-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 123
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X