Бишкекте залкар манасчы Мамбет Чокморовдун 130 жылдыгы белгиленди
Бишкекте залкар манасчы Мамбет Чокморовдун 130 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү. Иш-чара 29-октябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында уюштурулду.
Кечеге Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов, коомдук ишмерлер жана маданият өкүлдөрү катышты.
Иш-чара президенттин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндө жарлыгын ишке ашыруу, улуттук руханий мурасты сактоо жана жайылтуу максатында өткөрүлдү.
Кечеде Мамбет Чокморовдун өмүр жолу, чыгармачылыгы жана кыргыздын манасчылык өнөрүн өнүктүрүүгө кошкон салымы эскерилди.
Ошондой эле манасчынын чыгармачылык мурасын даңазалоого, анын улуттук маданияттагы ордун белгилөөгө жана жаш муундарды кыргыз элинин руханий баалуулуктарын урматтоого үндөөгө багытталган иш-чаралар уюштурулду.