Бишкекте жаңы автобекет курулууда

1-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 21

Бишкек шаарынын түндүк тарабында жалпы аянты 30 миң чарчы метрди түзгөн жаңы автобекеттин курулушу жүрүп жатат.

Маалыматка ылайык, объект 3 кабаттан жана 9 блоктон турат. Анда мейманкана, тамактануучу жайлар жана күтүү залдары орун алат.

Курулуштун алкагында чатыр коюу иштери 95 пайызга, тышкы дубалдарга айнек орнотуу иштери 90 пайызга бүткөрүлдү.

1-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 21
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X