Бишкекте жаңы автобустардын үлгүлөрү көрсөтүлдү

16-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 16

16-апрелде Бишкек шаарынын мэриясынын алдында борбор калаанын мэри Айбек Джунушалиевге Zhong Tong жана Yutong маркасындагы жаңы автобустардын үлгүлөрү тааныштырылды.

Бул сунуш Бишкектеги конуштарды тейлөө үчүн 625 даана автобус сатып алуу долбоорунун алкагында ишке ашууда.

Маалыматка ылайык, Zhong Tong үлгүсүндөгү автобус газ менен иштесе, Yutong маркасындагысы электр энергиясы менен жүрөт. Узундугу 8,9 метр болгон автобустар төмөн полдуу болуп, кондиционер системалары менен жабдылган жана майыптыгы бар жарандар үчүн ылайыкташтырылган.

Ошондой эле кийинки жумада Бишкекке дагы бир катар автобус үлгүлөрү алып келинип, кеңири салыштырма талдоо жүргүзүлөрү күтүлүүдө.

Учурда сунушталган моделдер комплекстүү сыноодон өткөрүлүүдө. Анын жыйынтыгында тиешелүү корутунду даярдалып, жеткирүүчүлөрдү тандоо жана сатып алынуучу транспорттун техникалык талаптары боюнча акыркы чечим кабыл алынат.

Эске салсак, Бишкек мэриясы жалпысынан 625 даана чакан көлөмдөгү автобус сатып алууну пландап жатат. Жаңы коомдук транспорт негизинен тар көчөлөрү бар конуштарда кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу үчүн колдонулат.

16-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 16
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X