Бишкекте жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт
Бүгүн, 27-октябрда, Бишкек менен Чүй облусунун айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Түндүк электр» билдирди.
Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:
9:00-12:00 — Киргизия-1 (Самойленко, Центральная, Мостовая көчөлөрү) конушунун бир бөлүгү;
9:00-17:00 — Ак-Босого (Чүй 1-6, Чүй 16-22 көчөлөрү), Арча-Бешик (Чатыр-Көл, Шералиев, Сандык-Төр, Проектируемая, Кең-Кол, Кең-Суу, Чортеков көчөлөрү) конуштарында жана Бөкөнбаев көчөсүндөгү № 251 үй;
9:30-13:00 — Кара-Жыгач (Кожояр, Субан-Ата, Кемин көчөлөрү) конушунун бир бөлүгүндө;
9:30-17:00 — 3-кичи райондогу № 11 үйдө;
9:30-19:00 — Дачный көчөсүнүн бир бөлүгүндө;
13:00-15:00 — Достоевский, Менделеев, Кара-Жыгач, Исакеев көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, Кара-Жыгач (Шаты, Бегматова, Берекет көчөлөрү) жана Дордой конуштарынын бир бөлүгүндө.