Бишкекте жаңы газ казандары ишке киргизилди. 7300дөн ашык абонент жылуулук менен камсыздалат

28-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 63

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жылытуу мезгилинин башталышына карата «Бишкекжылуулукэнерго» муниципалдык ишканасынын жаңы отканаларын ишке киргизди. Шаар башчысы 10-кичи райондогу жана «Жал» конушундагы «Ротор» отканаларын кыдырып, жаңы жабдууларды ишке киргизүүгө катышты.

10-кичи райондогу отканага ишкананын өз күчү менен чыгарылган, жалпы кубаттуулугу 25 МВт болгон үч газ казаны орнотулду. Алардын пайдалуу аракет коэффициенти 93 пайыздан ашат. Ушундай эле жабдуулар Энергетиктер шаарчасында да орнотулган. Эки объект жалпысынан 7 300дөн ашык абонентти жылуулук менен камсыз кылат.

Ал эми «Жал» конушунда жайгашкан «Ротор» отканасына жалпы кубаттуулугу 20 МВт болгон эки жаңы газ казаны орнотулду. Буга чейинки жабдуулар дээрлик 40 жылдан бери пайдаланылып келген.

Мындан тышкары, мэр ишкананын 16 объектисиндеги жылуулук насосторун башкаруунун бирдиктүү диспетчердик системасын онлайн режимде ишке киргизди. Система жабдуулардын ишин аралыктан көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Жылуулук насосторун колдонуу көмүрдүн жана электр энергиясынын сарпталышын кыскартууга, ошондой эле атмосферага бөлүнүп чыккан зыяндуу заттардын көлөмүн азайтууга өбөлгө түзөт.Возможно, это изображение водонагреватель

Иш-чаранын жүрүшүндө Айбек Джунушалиев муниципалдык ишкананын кызматкерлерине аткарып жаткан иштери үчүн ыраазычылык билдирип, ийгиликтерди каалады. Ал шаар тургундарын жылуулук жана ысык суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу маанилүү экенин белгиледи.

«Биздин башкы максатыбыз — Бишкек шаарынын жана анын тургундарынын жыргалчылыгы үчүн иштөө. Биз шаардыктарды жылуулук жана ысык суу менен камсыз кылышыбыз керек. Кыш мезгилинде жылуулукту сапаттуу жана үзгүлтүксүз берүү — биздин негизги милдеттерибиздин бири», — деп баса белгиледи мэр.

Ошондой эле шаар башчысы отканалардын аймактарын көрктөндүрүп, талаптагыдай иретке келтирүүнү тапшырды. Ал муниципалдык объектилер таза жана тыкан кармалып, башкаларга үлгү болушу керектигин белгиледи.

 

28-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 63
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X