Бишкекте жаңы вакцина сактоочу кампа ачылды
Бүгүн, 19-ноябрда Бишкек шаарында вакциналарды сактоочу жаңы шаардык кампа расмий ачылды. Объект Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан Республикалык иммунопрофилактика борбору менен биргеликте, Вакциналар жана иммунизация боюнча глобалдык альянстын (ГАВИ) каржылык колдоосу жана ЮНИСЕФтин техникалык көмөгү менен ишке ашырылды.
Жаңы кампанын ачылышы вакциналарды сактоо жана бөлүштүрүү шарттарын жакшыртууга, ошондой эле «муздак чынжыр» талаптарынын сакталышын камсыз кылууга багытталган.
Мындан тышкары, объект медициналык уюмдарды коопсуз жана натыйжалуу вакциналар менен үзгүлтүксүз камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Жаңы кампа борбор калаада жашаган 350 миңге жакын баланы эмдөө үчүн вакциналарды жеткирүүдө маанилүү роль ойнойт.
Долбоор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Вакциналарды сактоочу кампа куруу жөнүндө» тескемесин ишке ашыруунун алкагында жүзөгө ашырылды.