Бишкекте жаран өз өмүрүн кыйууга аракет жасады
Бишкек шаарында «Ringo Trade» брокердик компаниясынын имаратында 1 эркек адам кекиртегине бычак такап, өз өмүрүн кыюуга аракет кылган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. Милиция кызматкерлери аталган жаран менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатып, адамды өлүмдөн сактап калууга жетишишкен. Жерине 5 куткаруучу топ тартылган.