Бишкекте жарандарды сабап, опузалап акча талап кылган топ кармалды

17-июнь, 2026-ж. / Редакция / Кылмыш 125

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы жарандарга күч колдонуп, опузалоо менен алектенген кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду.

Маалыматка ылайык, социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторинг учурунда белгисиз адамдар тарабынан жаранды сабап, аны кечирим суроого мажбурлап жаткан видео аныкталган. Бул факты боюнча ыкчам-тергөө иштери башталган.

Текшерүүдө жабырлануучу буга чейин интернет аркылуу баңгизаттарды мыйзамсыз таратуу менен алектенген дүкөндө кыска убакыт иштеп, алынган заттын бир бөлүгүн өзү колдонгонун билдирген. Ошондой эле ал Бишкек шаарындагы токой тилкелеринин биринде белгисиз адамдар тарабынан сабалып, акчасы жана уюлдук телефону тартып алынганын айткан.

Нет описания фото.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектелген төрт адам аныкталып, кармалды. Алар — Бишкек шаарынын тургундары, 2006-жылы туулган Г.Р., 2009-жылы туулган С.И., 2007-жылы туулган Д.Д. жана 2007-жылы туулган Р.А.

Учурда милиция кызматкерлери кылмыштын башка жабырлануучуларын жана мүмкүн болгон уюштуруучуларын аныктоо боюнча иш алып барууда.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X