Бишкекте «Жаш жубайлардын дарак отургузуусу» долбооруна каттоо уланууда

6-июль, 2026-ж. / Редакция / Коом 148

Бишкек шаарында үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөөгө, айлана-чөйрөгө кам көрүүгө жана борбор калааны жашылдандырууга багытталган «Жаш жубайлардын дарак отургузуусу» долбоору уланууда.

Долбоорго катышууну каалаган жаш жубайлар greenair.kg/bishkek сайты аркылуу каттоодон өтүшү керек. Каттоодон кийин алар дарак отургузула турган жерди тандап, керектүү маалыматтарды толтуруп, QR-код аркылуу төлөм жүргүзүшөт.

Долбоордун алкагында жабык тамыр системалуу бак-дарактар 15 500 сомдон сунушталат. Аларды болжол менен 10-апрелден 25-октябрга чейин отургузууга болот. Ал эми ачык тамыр системалуу көчөттөрдүн баасы 7 800 сомду түзөт. Мындай көчөттөрдү 10-марттан 10-апрелге чейин жана 26-октябрдан 25-ноябрга чейинки мезгилде отургузуу каралган.

Ошондой эле катышуучулар көчөттү өз алдынча сатып алып отургузууга да мүмкүнчүлүк алышат. Бул учурда көчөт белгиленген талаптарга жооп берип, алдын ала «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасынын адистери менен макулдашылышы зарыл.

Өз алдынча алынган көчөттү макулдашуу үчүн дагы жаш жубайлар greenair.kg/bishkek сайты аркылуу катталып, жеке маалыматтарын жана тандалган көчөттүн түрүн көрсөтүшү керек. Мындан тышкары, каттоодон 0880 005 123 телефону аркылуу да өтүүгө болот.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X