Бишкекте жер мунапысы боюнча 248 арыз каралды
Бишкектин Ленин районунда жер мунапысына байланыштуу 248 жарандын арызы каралды.
Отурум 22-сентябрда Ленин райондук муниципалдык администрациясында өтүп, анда жер мунапысы боюнча комиссия жарандардын кайрылууларын карады.
Арыздарды кароонун жыйынтыгында комиссия тиешелүү чечимдерди кабыл алды.