Бишкекте Жукеев-Пудовкин көчөсүндө кыймыл чектелет

1-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 88

Бишкекте Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн айрым тилкелеринде унаа кыймылы убактылуу чектелет.

Маалыматка ылайык, чектөө 3-октябрда саат 07:00дөн 23:00гө чейин күчүндө болот. Буга жолдун бузулган асфальт бөлүктөрүн алмаштыруу иштери себеп болууда.

Кыймыл төмөнкү тилкелерде чектелет:

  • Медеров көчөсүнөн Карасаев көчөсүнө чейин;

  • Карасаев көчөсүнөн Анкара көчөсүнө чейин.

«Бишкекжылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы айдоочуларды каттамдарын алдын ала пландап, мүмкүн болгон альтернативдүү жолдорду тандоого чакырды.

Айдоочулардан убактылуу чектөөлөрдү эске алып, жол кыймылында этият болуу суралат.

1-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 88
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X