Бишкекте «Жүрөктөн жүрөккө» жарманкеси өтүп, улуу муундун кол эмгектери көрсөтүлдү

1-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 90

Бүгүн, 1-октябрда Бишкек шаарында Эл аралык карылар күнүнө карата жыл сайын өтүүчү «Жүрөктөн жүрөккө» жарманкеси уюштурулду.

Иш-чарага Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Аида Исатбек кызы, Бишкек шаарынын социалдык маселелер боюнча мэрдин орун басары Рахат Мусаева, улуу муундун өкүлдөрү, мамлекеттик жана коомдук уюмдардын кызматкерлери, өз ара жардам топторунун лидерлери жана Улуттук Кызыл Жарым Ай коомунун ыктыярчылары катышты.Возможно, это изображение один или несколько человек

Жарманкеде улуу муундун өкүлдөрү өздөрү жасаган кийиз, жүн жана жиптен жасалган буюмдарын, улуттук сувенирлерди жана айыл чарба азыктарын элге тартуулашты.

Мындан тышкары, иш-чарада ден соолукка көңүл бурулуп, «Ден соолукта бол!» акциясынын алкагында каалоочулардын кан басымы, кандагы канттын деңгээли жана салмагы өлчөндү. Катышуучуларга оорулардын алдын алуу боюнча маалыматтар да берилди.

Майрамдык иш-чара концерттик программа, бий флешмобу, шахмат турнири, биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча мастер-класс жана лотерея менен коштолду.

Жарманке ар түрдүү муундагы адамдардын башын бириктирип, улуу муундун тажрыйбасын, билимин жана коомго кошкон салымын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берди. Иш-чара катышуучулардын жылуу баарлашуусу менен жыйынтыкталды.

1-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 90
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X