"Эркин-Тоо"

Бишкектеги үрөй учурган адам өлтүрүүнүн видеосу тарады

Кечээ, 16-февралда Бишкектеги кичи райондордун биринде үрөй учурган адам өлтүрүү фактысы катталды. Анда аял эки баласы мыкаачылык менен өлтүрүлгөн.

Көп өтпөй шектүү катары 1986-жылы туулган Ч.А. аттуу жаран өз үйүнөн кармалган.

Алдын ала маалыматтар боюнча шектүү Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну. Кармаш урушуу боюнча спорт чебери. 7-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттыгына бир мандаттуу шайлоо округу боюнча ат салышкан. Ошондой эле УКМКнын мурдагы кызматкери болгону дагы айтылууда.

Алдын ала маалыматтар боюнча шектүү аялды бир канча жолу бычактаган. Ал эми анын кызы көп кабаттуу үйдөн секиргенде денесинен ар кандай жаракаттарды алган. 5 жашар баланын моюнунда муунтулган тактар бар экени аныкталган. Учурда медициналык экспериза дайындалган.

Бүгүн, 17-февралда социалдык тармактарга үрөй учурган окуянын видеосу тарады. Анда 18 жаштагы кыздын көп кабаттуу үйдөн секирип түшкөнү, аны көп өтпөй шектүү кайра үйдүн ичине көтөрүп алып кирип кеткенин көрүүгө болот. Учурда аталган факты боюнча Кылмыш-жаза Кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) кылмыш иши козголгон. Шектүү камакка алынып, тергөө иштери башталды.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!