Бишкектеги №1361 шайлоо участогунун имаратынын фасады иретке келтирилет

28-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 83

2026-жылдын 27-октябрында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Гагарин көчөсү, 2/6 дарегинде жайгашкан ОРМЗ заводунун клубунун имаратындагы №1361 шайлоо участогунун абалы менен таанышты.

Жерине барган учурда мэр имараттын фасалына жана ага чектеш аймактын абалына көңүл буруп, көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

Ал объекттин өкүлдөрүнө имараттын фасадын оңдоп-түзөөнү, айланасын иретке келтирүүнү жана эскиздик долбоорлорду иштеп чыгып, тиешелүү иштерди баштоону тапшырды.Возможно, это изображение один или несколько человек

«Коомдук жайды мындай абалда кармоого болбойт. Имаратты жана ага чектеш аймакты иретке келтирип, эскиздик долбоорлорду иштеп чыгып, ишке киришүү зарыл. Эгерде иштер алдыга жылбаса, муниципалитет тиешелүү чараларды көрөт», — деди Айбек Джунушалиев.

Белгилей кетсек, административдик-аймактык реформанын алкагында аталган объект Свердлов районунун аймагына карайт.

28-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 83
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X