Бишкектеги бала бакчада улуттук баалуулуктарды даңазалаган иш-чара өттү

25-май, 2026-ж. / Редакция / Коом 138

Бүгүн борбор калаадагы №31 «Баластан» ясли-бакчасында Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында улуттук баалуулуктарды даңазалоого арналган маданий-тарбиялык иш-чара өткөрүлдү.Возможно, это изображение текст

Иш-чарага Биринчи Май райондук билим берүү башкармалыгынын начальниги А.Б. Асанов жана Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин адиси П.Д. Бакирова катышты. Алар жаш муундарды улуттук духта тарбиялоонун, каада-салттарды сактоонун жана мекенчилдик сезимди калыптандыруунун маанилүүлүгүнө токтолушту.Возможно, это изображение текст

Майрамдык программа улуттук көргөзмөлөр жана чыгармачылык номерлер менен коштолду. Тарбиялануучулар «Байчечекей» ырын аткарып, «Манас» эпосунан үзүндү көрсөтүштү. Мындан сырткары, балдар улуттук бийлерди бийлеп, кыргыз элинин «Бешикке салуу» жөрөлгөсүн сахналаштырды.

Ошондой эле иш-чаранын алкагында улуттук кол өнөрчүлүк көргөзмөлөрү уюштурулуп, макал-лакаптар жана айтыш өнөрү аркылуу үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө, улуттук салттарды урматтоо жана мекенчилдикке тарбиялоо идеялары чагылдырылды.Возможно, это изображение один или несколько человек и текст "УПУТТУКДЕМ- КБИИНКТИ"

Иш-чаранын соңунда мындай маданий-тарбиялык саамалыктар жаш муундардын улуттук аң-сезимин калыптандырууда, кыргыз элинин руханий мурасын сактоодо жана патриот жаштарды тарбиялоодо өзгөчө мааниге ээ экени белгиленди.

25-май, 2026-ж. / Редакция / Коом 138
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X