Бишкектеги белгилүү фасаддагы көркөм сүрөт убактылуу боёлот

28-июль, 2026-ж. / Редакция / Коом 117

Бишкек шаарынын Биринчи Май районундагы Чүй проспекти, 134 дарегинде жайгашкан имараттын фасадын оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Оңдоо иштеринин алкагында имараттын шыбак катмары жаңыланып, бузулган айрым элементтери калыбына келтирилет. Ошондой эле фасад сырдалып, объекттин техникалык абалын жакшыртууга, сырткы көрүнүшүн жаңылоого жана архитектуралык өзгөчөлүктөрүн сактоого багытталган башка иштер аткарылат.

Имараттын фасадындагы көркөм жасалгага да өзгөчө көңүл бурулууда. Учурда фасаддагы көркөм сүрөттүн техникалык абалы канааттандырарлык эмес деп баалангандыктан, оңдоо иштеринин жүрүшүндө ал убактылуу боёлуп жабылат.

Ошол эле учурда фасаддагы көркөм сүрөттү кайрадан калыбына келтирүү жана жаңылоо маселеси боюнча анын мурдагы демөөрчүлөрү жана авторлору менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.

Борбор калаанын тургундарына жана конокторуна оңдоо иштери жүрүп жаткан аймакта коопсуздук эрежелерин сактоо сунушталат.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X