Бишкектеги фонтандар 20-октябрдан тарта иштебейт
Бишкектеги шаардык фонтандардын сезону 20-октябрда аяктайт. Андан кийин «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери 17 фонтан комплексин кышка даярдоо иштерин жүргүзүшөт.
Адистер бассейндердеги сууну агызып, тазалашат. Ошондой эле электр насосторун жана суу чачыратуучу түтүктөрдү демонтаждап, жарык берүүчү чырактарды тазалашат.
Учурда Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын түндүк жана борбордук бөлүктөрүндөгү, Жаштар аллеясындагы, Баатырлар аллеясындагы, «Аска-Таш» комплексиндеги жана Улуттук тарых музейинин жанындагы фонтандарда иштер аяктады. Карагач токоюндагы иштер соңуна чыгып калды. Ал эми Тарых музейинин жанындагы борбордук фонтанда реконструкция иштери башталды.
Мындан тышкары, «25 чөйчөк» фонтанынын долбоору боюнча сметалык документтер бекитүүгө жөнөтүлдү.
Фонтандарды кышка даярдоо октябрь айынын аягына чейин аяктайт. Андан соң жабдууларды техникалык тейлөө жана оңдоо иштери жүргүзүлүп, насостор, электр кыймылдаткычтары, суу түтүктөрү жана электр калкандары оңдолот. Ошондой эле жапкыч арматуралар алмаштырылат.