Бишкектеги Калыс-Ордо конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушу уланууда
Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушундагы №86 мектепке 650 орундуу жаңы окуу корпусу курулуп жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, курулуш иштери 2026-жылдын март айында башталган. Долбоор боюнча жаңы корпус үч блоктон туруп, жалпы аянты 1217 чарчы метрди түзөт.
Имаратта окуу класстары, лабораториялар, китепкана, ашкана, дарыгердин кабинети, жыйындар залы, эмгек кабинеттери жана спорт залы жайгашат.
Министрлик билдиргендей, учурда курулуш иштери белгиленген графикке ылайык жүргүзүлүп, анын жүрүшү жана сапаты тиешелүү департаменттер тарабынан туруктуу көзөмөлдөнүүдө. Ошондой эле техникалык талаптардын аткарылышы үзгүлтүксүз текшерилип жатат.
Жаңы окуу корпусу пайдаланууга берилгенден кийин Калыс-Ордо конушундагы окуучу орундардын тартыштыгын азайтып, билим берүү үчүн заманбап шарттарды түзүүгө өбөлгө болот.