Бишкектеги мектепте болгон окуя боюнча кылмыш иши козголду

23-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 18

Бишкек шаарындагы №83 мектепте болгон окуя боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 16-февраль күнү күндүз 69 жаштагы аскерге чейинки даярдык мугалими Б.К. менен 2010-жылы туулган жогорку класстын окуучусу М.К.нын ортосунда уруш чыккан. Окуя тууралуу маалымат түшкөндөн кийин мектепке ыкчам тергөө тобу барган.

Мугалим окуучуну өзүнө кол салды деп айыптап, арыз жазган. Ал эми окуучу медициналык жардам алуу үчүн ооруканага кайрылган.

Социалдык тармактарда тараган видеодо окуучулар мугалим менен мектептин сыртында турганы, алардын бири мугалимди жерге кулатканы көрүнөт.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (“Бейбаштык”) боюнча катталып, тергөө иштери жүрүп жатат.

23-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 18
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X