Бишкектеги мектепте мыйзамсыз акча чогултуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду

12-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 263

Бишкек шаарындагы №24 мектепте окуучулардын ата-энелеринен мыйзамсыз түрдө акча чогултуу фактысы аныкталып, анын негизинде кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Бишкек шаардык прокуратурасы билдирди.

Маалыматка ылайык, мектептин жооптуу кызматкерлери билим берүү мекемесинде оңдоо иштерин жүргүзүү шылтоосу менен ата-энелерден акча чогултуп келишкен. Текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамсыз чогултулган каражаттын жалпы суммасы 1 миллион 131 миң 450 сомду түзгөнү белгилүү болгон.

Ошондой эле топтолгон акчанын бир бөлүгү мектеп кызматкерлеринин биринин жашаган жеринде сакталгандыгы аныкталган.

Аталган мыйзам бузуу Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө ачыкка чыккан. Текшерүү Кыргыз Республикасынын Президентинин «Балдардын акысыз мектептик билим алуу укугун ишке ашырууда мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуу чаралары жөнүндө» жарлыгынын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө алкагында жүргүзүлгөн.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен кылмыш иши козголуп, учурда бардык жагдайларды тактоо боюнча тергөө иш-чаралары улантылууда.

 

 

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X