Бишкектеги милиция полкунун аймагы толугу менен жаңыланууда

5-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 114

Бишкек шаарындагы Ички иштер башкы башкармалыгынын Милициянын кайгуул-күзөт кызмат полкунун аймагында ири көлөмдөгү көрктөндүрүү жана курулуш иштери жүрүп жатат.

«Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасынын №1 Жол куруу башкармалыгы тарабынан жалпы аянты 24 миң чарчы метрди түзгөн объектте жер жумуштары аткарылып, лотоктор жана бордюрлар орнотулууда. Ошондой эле аймакты ирээтке келтирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Жакынкы күндөрү объектке асфальт-бетон төшөө башталып, аймак толугу менен заманбап талаптарга ылайык жаңыланат.

Долбоордун жыйынтыгында милиция кызматкерлери үчүн кызмат өтөөгө ыңгайлуу шарттар түзүлүп, жарандарды кабыл алуу жана тейлөө аймагынын коопсуздугу менен ыңгайлуулугу жогорулайт. Мындан тышкары, объекттин инженердик инфраструктурасы жаңыланып, жалпы көрүнүшү кыйла жакшырат.

«Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасы белгилегендей, бардык курулуш иштери бекитилген графиктин негизинде жана сапат стандарттарын так сактоо менен аткарылып жатат.

5-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 114
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X