Ички иштер министрлигинин күзөт кызматы Гапар Айтиев атындагы Улуттук сүрөт, өнөр музейинен баалуу буюмдарды уурдоого аракет кылган киши кармалганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
28-мартка караган түнү музейдин коопсуздук коңгуроосу иштеп, күзөттөгү кызматкер бир кишинин имаратка кирип баратканын көрүп калган. Шектүүнү кармоо учурунда ал каршылык көрсөткөн. Ыкчам топ шектүүнү Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирген. Кармалган адам 42 жаштагы чет өлкөлүк жаран экени аныкталган. Учурда тергөө жүрүп жатат.
Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы өнөр музейи Кыргызстандын эң башкы сүрөт казынасы болуп эсептелинет. Музей 1935-жылы ачылып, учурда 18 000дей эмгек сакталып турат.