Бишкектеги шаар куруу тармагындагы санариптик система патент алды

23-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 103

Шаар куруу процесстерин санариптештирүү үчүн иштелип чыккан автоматташтырылган маалыматтык система (АИС БГА) расмий укуктук коргоого алынып, ага патент берилди.

Система Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгында толук иштеп жатат. Учурда башкармалыктагы электрондук документ жүгүртүүнүн үлүшү 75 пайыздан ашат.

Санарип система шаар куруу жол-жоболорун ачык жүргүзүүгө, адам факторун азайтууга жана коррупциялык тобокелдиктерди төмөндөтүүгө багытталган.

Мындан ары системаны өркүндөтүп, электрондук кызматтардын түрлөрүн кеңейтүү пландалууда. Жарандар жана ишкерлер үчүн жеке кабинет жана жеткиликтүү кызматтардын тизмеси башкармалыктын порталында жайгаштырылган.

23-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 103
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X