Бишкектеги тазалоочу курулмалар модернизацияланат
2026-жылдын 21-ноябрында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев шаардык тазалоочу курулмаларды реконструкциялоо жана модернизациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Мэр курулуш-монтаждоо иштерин жеринен көрүп чыкты. Учурда 50 гектар аянтты ээлеген объектте 52 атайын техника жана 293 жумушчу иштеп жатат.
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун алкагында тазалоочу курулмалар заманбап технологиялык жабдуулар, автоматташтырылган башкаруу системалары жана энергияны үнөмдөөчү чечимдер менен жабдылат. Ошондой эле жагымсыз жыттарды азайтуу үчүн абаны тазалоочу система орнотулуп, күн панелдерин коюу пландалууда.
Объектти көрүп чыгуу учурунда калдыктарды комплекстүү иштетүү жана ресурстарды натыйжалуу пайдалануу маселелерине көңүл бурулду.
Айбек Джунушалиевдин айтымында, саркынды сууларды тазалоо процессинде пайда болгон чөкмөлөрдү кайра иштетүү да каралууда. Келечекте алардан биогумус алуу мүмкүнчүлүгү изилденет.
Долбоор саркынды сууларды тазалоонун сапатын жогорулатууга, экологиялык тобокелдиктерди азайтууга жана борбор калаанын экологиялык инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган.