Бишкектеги түнкү рейдде баңгизат колдонгон 5 айдоочу аныкталды

23-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 258

Бишкек шаарында 22-июлдан 23-июлга караган түнү жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана баңгизаттык мас абалында унаа башкарган айдоочуларды аныктоо боюнча масштабдуу рейд өткөрүлдү.

Иш-чарага Ички иштер министрлигинин, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыктарынын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын, Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын, Атайын тез чара көрүү отрядынын жана кинология кызматтарынын өкүлдөрү катышты.

Рейддин алкагында борбор калаанын негизги көчөлөрүндө, ошондой эле шаарга кирүүчү жана чыгуучу жолдордо сегиз стационардык жана көчмө пост уюштурулуп, жалпы 517 транспорт каражаты текшерилди.

Текшерүүнүн жыйынтыгында баңгизаттык мас абалынын белгилери бар 5 айдоочу аныкталып, медициналык кароодон өткөн алты айдоочунун бешөөнүн баңгизат колдонгону лабораториялык текшерүү менен тастыкталды.

Мындан тышкары, ар кандай административдик мыйзам бузуулар боюнча 22 протокол түзүлүп, 7 унаа атайын айып короого токтотулду.

Рейд учурунда милиция кызматкерлери айдоочулар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, баңгизат же алкоголдук мас абалында унаа башкаруу мыйзам алдында жоопкерчиликке алып келерин жана мындай аракеттер адам өмүрүнө олуттуу коркунуч жаратарын эскертишти.

Ички иштер министрлиги жол коопсуздугун камсыздоо жана укук бузуулардын алдын алуу максатындагы мындай профилактикалык рейддер мындан ары да туруктуу негизде өткөрүлөрүн билдирди.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X