Бишкектеги жаңы конуштар таза суу жана канализация менен камсыз болот

14-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 178

13-майда Айбек Жунушалиев Биринчи май районунун тургундары менен жолугушту. Жолугушууга 300дөн ашык тургун катышып, жолдордун абалы, коомдук транспорт, жер мунапысы, жер үстүндөгү жана жер алдындагы өтмөктөрдү куруу сыяктуу көйгөйлөр көтөрүлдү.{{ item.title }}

Шаар мэри административдик-аймактык реформадан кийин Бишкектин аймагы дээрлик үч эсеге кеңейгенин белгиледи. Анын айтымында, бул өзгөрүүлөр ичүүчү суу, канализация, жол инфраструктурасы жана электр менен камсыздоо тармактарында бир катар көйгөйлөрдү жараткан.{{ item.title }}

Ошондой эле мэр учурда социалдык объектилерди куруу иштери активдүү жүрүп жатканын билдирди. Анын айтымында, быйыл республикалык бюджеттин эсебинен 20 мектеп, ал эми Араб фондунун колдоосу менен дагы 12 мектеп куруу пландалууда. Мындан тышкары, дагы бир мектептин курулушу каралып жатат. Жалпысынан 33 мектеп куруу мерчемделүүдө.

Айбек Жунушалиев жаңы конуштарда биринчи кезекте ичүүчү суу жана канализация системаларын курууга көңүл буруларын, андан кийин жол инфраструктурасын өнүктүрүү иштери жүргүзүлөрүн айтты.

Мындан тышкары, ашар жолу менен курулган инженердик объектилерди талапка ылайык келтирүү маселеси дагы каралары белгиленди.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X