Бишкектеги «Россия» бизнес борборунан жашыруун алмашуу бюросу аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан трансулуттук кылмыштуу топторду аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан пландуу иш-чаралардын жүрүшүндө акча каражаттарын системалуу түрдө криптовалюталар аркылуу адалдоо боюнча маалыматтар келип түшкөн. Изилдөөнүн жүрүшүндө «Россия» бизнес борборунда жашыруун алмашуу бюросун, акча алмаштырууну (криптовалюта сатып алуу) уюштуруп жүргөн Кыргызстан менен Орусиянын жарандары аныкталды.
Жогорудагы фактылар боюнча УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.
Кылмыш ишинин материалдарынын алкагында айрым жарандар УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, кошумча тергөө-ыкчам иштери жүргүзүлүүдө.