Бишкекти айланып өтүүчү жаңы трассанын айрым бөлүктөрү акы төлөнүүчү болот
Жакынкы үч жыл ичинде Бишкекти айланып өтүүчү жаңы айланма жол толук калыптанып, анын айрым тилкелеринде жол акысы алына баштайт. Бул тууралуу “Кыргыз жол транс долбоор” мамлекеттик ишканасынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Ормонов билдирди.
Анын айтымында, долбоор үч негизги бөлүктөн турат:
- Түндүк айланма жол: Кант шаарынан Кара-Балта багытына чейинки тилке учурда курулуп жатат. Объектти 2026-жылдын аягында пайдаланууга берүү пландалууда.
- Чыгыш айланма жол: Канттан Көк-Жар аймагына чейинки бөлүк мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизминин негизинде салынат. Бул тилкеде жол акысы алынат.
- Түштүк айланма жол: Көк-Жар — Орто-Сай — Байтик айылдары аркылуу Бишкек — Ош трассасына чыгуучу бөлүк азырынча долбоорлоо баскычында.
Ормонов белгилегендей, түндүк айланма жол борбордогу транспорттун жүгүн азайтып, транзиттик агымды шаар сыртына чыгарууга шарт түзөт.