Бишкектик окуучулар көрүүсү начар адамдар үчүн «акылдуу» көз айнек жасашты

29-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 121

Бишкектеги жогорку класстын окуучулары көрүүсү начар жана көзү азиз адамдарга жардам берүүчү EyeSens аттуу «акылдуу» көз айнек иштеп чыгышты.

Долбоор Борбордук Азиядагы Америка университетинин TIFE программасынын алкагында даярдалып, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевге тааныштырылды.

Көз айнекке орнотулган камера айлана-чөйрөдөгү маалыматтарды смартфон аркылуу жасалма интеллекттин жардамы менен иштетип, колдонуучуга үн аркылуу жеткирет. Түзмөк объекттерди таанып, айлана-чөйрөнү сүрөттөп, орус жана англис тилдериндеги тексттерди окуй алат.

Иштеп чыгуучулардын айтымында, EyeSens чет өлкөлүк аналогдордон айырмаланып, кошумча жабдууларды талап кылбайт жана жеткиликтүү баада сунушталат.

Долбоордун авторлору — Байаман Ажимырзаев, Канат Тынчтыкбеков, Аманат Эрмаматов жана Султанмурат Эркинбеков. Команданын куратору — Ботокөз Сооронбаева.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X