Бишкектин Биринчи Май районундагы №108 мектепте тургундарга экологиялык таза жана энергияны үнөмдөөчү жылытуу системаларын сатып алууга берилүүчү жеңилдетилген насыя тууралуу маалымат берилди.
«Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу» долбоорунун алкагында өткөн жолугушууга 133 адам катышты.
Катышуучуларга насыянын шарттары, карыз алуучуларга коюлган талаптар жана насыянын эсебинен каржылана турган чыгымдар түшүндүрүлдү.
Ошондой эле жылуулук насосторунун баасы, артыкчылыктары, иштөө принциби, орнотуу жана техникалык тейлөө боюнча маалымат берилди. Электр энергиясын берүүгө чектөө киргизилген учурда жабдуулардын иштөө өзгөчөлүктөрү да талкууланды.
Жолугушууда жылуулук насосторун үйлөрүнө орнотуп, колдонуп жаткан үй-бүлөлөрдүн тажрыйбасы тууралуу видеоматериалдар көрсөтүлдү. Тургундар адистерге өздөрүн кызыктырган суроолорду беришти.
Долбоор Финансы министрлиги тарабынан Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылууда.
Анын алкагында 1 млн сомго чейин, 5 жылдык мөөнөткө, жылдык 6% үстөк чен менен жеңилдетилген насыя берилет. Каражат жылуулук насосторун, генераторлорду жана экологиялык таза энергия булактарында иштеген башка жабдууларды сатып алууга жана орнотууга жумшалышы мүмкүн.
Насыяны «Элдик Банк», «Айыл Банк» жана «Бакай Банктан» алууга болот.