Бишкектиктерге таштандыны кечки саат 19:00дөн кийин чыгаруу сунушталды
«Тазалык» муниципалдык ишканасы Бишкек шаарынын тургундарын таштандыларды кечки саат 19:00дөн кийин чыгарууга чакырды.
Ишкананын маалыматына ылайык, бул чара таштанды чыгаруу иштерин натыйжалуу уюштурууга жана жол тыгындарын азайтууга багытталган. Кечки убакта унаалардын кыймылы азайгандыктан, таштанды ташуучу техникалардын иши да жеңилдейт.
«Тазалык» муниципалдык ишканасы шаар тургундарын бул сунушту эске алып, коммуналдык кызматтардын үзгүлтүксүз иштешине көмөк көрсөтүүгө чакырат.