Бишкектин 16 бүтүрүүчүсү алтын сертификатка ээ болду

22-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 237

2026-жылдагы Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы боюнча өлкө боюнча 55 бүтүрүүчү эң жогорку упай топтоп, алтын сертификатка татыктуу болду. Алардын ичинен 34 бүтүрүүчү Бишкек шаарындагы мектептерден болсо, анын 16сы муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрү.

2025–2026-окуу жылында борбор калаадагы 120 муниципалдык мектепти жалпы 11 869 окуучу аяктаган. Алардын бардыгы, ошондой эле мурдагы жылдардын бүтүрүүчүлөрү да ЖРТга катышышкан.

Билим берүүнү баалоо жана окутуу методдору борборунун расмий маалыматына ылайык, муниципалдык мектептердин 16 бүтүрүүчүсү эң жогорку жыйынтыктарды көрсөтүп, алтын сертификаттын ээлеринин катарына кошулду.

Белгилей кетсек, республика боюнча алтын сертификат алган 55 бүтүрүүчүнүн 60 пайыздан ашыгы Бишкек шаарындагы мектептердин бүтүрүүчүлөрү. Алардын 29 пайызы муниципалдык мектептердин, ал эми 32,7 пайызы жеке менчик билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрү болуп саналат.

Бул көрсөткүчтөр борбор калаадагы билим берүүнүн сапаты

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X