Бишкектин айрым аймактарында 23-июнда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт
23-июнда саат 09:00дөн 18:00гө чейин Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу «Бишкек суу канал» муниципалдык ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, суу берүү төмөнкү чектеги аймактарда өчүрүлөт: Достоевский көчөсү — Анкара көчөсү — Ауэзов көчөсү — темир жол линиясы. Ошондой эле Алтын Ордо, Кара-Жыгач жана Полиция шаарчасы конуштары да өчүрүү аймагына кирет.
Мекеменин маалыматына караганда, убактылуу чектөө суу контррезервуарлар комплексинде жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу киргизилүүдө.
Өчүрүү мезгилинде турак жайлар, мектептер, мектепке чейинки билим берүү мекемелери, саламаттык сактоо уюмдары жана башка социалдык-өнөр жай объектилери суу менен камсыздалбайт.
«Бишкек суу канал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, шаар тургундарын жана мекеме-ишканаларды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууга чакырды.
Мындан тышкары, тургундар пландуу жана авариялык өчүрүүлөр тууралуу маалыматтарды өз убагында алуу үчүн «Менин шаарым» тиркемесин колдонсо болот.