Бишкектин айрым аймактарында 25-сентябрга чейин газ берүү убактылуу токтотулат
«Бишкекгаз» газ кызматынан билдиришкендей, газ түтүгүндө оңдоо иштерине байланыштуу 23-сентябрдан 25-сентябрга чейин шаардын айрым аймактарында жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт.
Газ берүү Суворов, Осмонкул, Древесная, Абдыкадыров көчөлөрү, Аламүдүн дарыясы жана БЧК менен чектелген аймакта токтотулат.
Абоненттерден газ өчүрүлгөн мезгилде альтернативдүү энергия булактарын пайдалануу суралды.
Маалыматка ылайык, оңдоо иштери газ менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун жогорулатуу максатында жүргүзүлүүдө.