Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт

1-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 186

2026-жылдын 4-июнунда саат 09:00дөн 00:00гө чейин Бишкектин айрым бөлүктөрүндө ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу «Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, суу берүү турак жайларда, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде үзгүлтүккө учурайт.

Өчүрүү төмөнкү аймакты камтыйт: Ала-Арча суусу — Байтик баатыр көчөсүнөн Түштүк Чоң Чүй каналына (ТЧЧК) чейинки бөлүк жана Ала-Арча-3 конушу.

Ичүүчү суунун убактылуу токтотулушу МИКтин катлованында суу агып кетүүнү аныктоо боюнча авариялык-издөө иштерин жүргүзүү зарылдыгы менен түшүндүрүлдү.

«Бишкексууканал» ишканасы жарандардан алдын ала суу камдап алууну суранат жана жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

Ошондой эле шаар тургундарына “Менин шаарым” тиркемесин колдонуп, суу өчүрүүлөрү тууралуу ыкчам маалымат алып турууга сунушталды.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X