Бишкектин айрым аймактарында бир күнгө суу өчүрүлөт
Бишкектин айрым бөлүктөрүндө 28-май күнү ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкексууканал билдирди.
Маалыматка ылайык, суу берүү 2026-жылдын 28-майында саат 09:00дөн 23:00гө чейин токтотулат. Өчүрүү турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттык сактоо уюмдарына жана башка социалдык-өнөр жай объектилерине тиешелүү болот.
Суу өчүрүлө турган аймак төмөнкү көчөлөр менен чектелет:
— Куланак көчөсү
— Молдокулов көчөсү
— Куйручук көчөсү
— Ахунбаев көчөсү
Белгиленгендей, убактылуу чектөө Д-225 мм суу түтүгүндө жүргүзүлө турган авариялык оңдоо иштерине байланыштуу.
Бишкексууканал жаралган ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, тургундарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууга чакырды.