Бишкектин айрым аймактарында 8 саат суу болбойт

17-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 25

Үстүбүздөгү жылдын 19-мартында «Көк-Жар» суу топтомосунда оңдоо иштери жүргүзүлөрүнө байланыштуу Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт.

Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына караганда, суу эртең мененки саат 10:00дөн кечки 18:00гө чейин болбойт. Бул убакыт аралыгында турак үйлөргө эле эмес, мектеп, бала бакча, оорукана сыяктуу мекемелерге да суу берилбейт.

Суу өчүрүлө турган аймактар:
— Темир жол тилкеси — М. Фрунзе көчөсү — Аламүдүн суусу — Панфилов көчөсү;
— Темир жол тилкеси — Матросов көчөсү — Горький көчөсү — Гвардейский туюк көчөсү — Бектенов көчөсү — Скрябин көчөсү — Мавлянов көчөсү — 7-Апрель көчөсү.

17-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 25
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X