Бишкектин бир катар аймактарында 17–18-июнда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт
Бишкек шаарында 2026-жылдын 17-июнь күнү саат 09:00дөн тартып 18-июнь саат 06:00гө чейин бир катар турак жайларда, билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелеринде, ошондой эле социалдык жана өндүрүштүк объектилерде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат.
Маалыматка ылайык, суу төмөнкү аймактарда өчүрүлөт:
- Темир жолдун түндүк тарабындагы аймакта: темир жол линиясынан Раззаков көчөсү, Бөкөнбаев көчөсү, Панфилов көчөсү, Фрунзе көчөсү, Гоголь көчөсү, Жумабек көчөсү, Сүйүмбаев көчөсү, Осмонкулов көчөсү аркылуу Аламүдүн суусуна чейинки тилкеде;
- Лев Толстой көчөсүнөн жогору жайгашкан аймакта: Көк-Жар суу топтомосунан тартып, М. Горький көчөсүнүн төмөн жагы, Л. Толстой көчөсүнө чейин, Матросов көчөсүнүн батыш тарабы жана 7-Апрель көчөсүнүн чыгыш тарабы;
- М. Горький көчөсүнөн жогору жайгашкан аймакта: М. Горький көчөсү, 7-Апрель көчөсү, Улан-2 кичи району, Аламүдүн суусу, Суванбердиев көчөсү, Шүкүров көчөсү, Скрябин көчөсү жана Бектенов көчөсүнө чейинки тилкеде.
Маалым болгондой, ичүүчү суунун убактылуу өчүрүлүшү Көк-Жар суу топтомосунда оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу ишке ашырылат.
«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы шаар тургундарын жана мекемелерди алдын ала жетиштүү көлөмдө ичүүчү суу камдап алууга чакырат.
Ошондой эле шаардыктарга «Менин шаарым» тиркемесин жүктөп алып, ичүүчү суунун пландуу жана авариялык өчүрүүлөрү тууралуу ыкчам билдирмелерди алып туруу сунушталат.