Бишкектин борбордук көчөлөрү убактылуу жабылат

24-март, 2022-ж. / Редакция / Коом 33

Бишкекте Чүй проспекти менен кесилишкен Орозбеков көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки аралыгы, Абдымомунов көчөсүнүн  Орозбеков көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки аралыгы унаа кыймылы үчүн жабык болот. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ала-Тоо аянтынын аймагы 24-март саат 21:00дөн, 25-март саат 11:00гө чейин жабылат. Бул жагдай Кыргызстанга алып келинген өрт өчүрүүчү унааларды ӨКМге тапшыруу аземине байланыштуу.

 

24-март, 2022-ж. / Редакция / Коом 33
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X