Бишкектин борборунда айрым үйлөрдө суу убактылуу өчүрүлөт

6-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 91

Бишкектин айрым аймактарында 7-октябрда саат 09:00дөн 20:00гө чейин ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу «Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы билдирди.

Суу берүү турак үйлөрдө гана эмес, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттык сактоо жана башка социалдык объектилерде, ошондой эле өнөр жай ишканаларында да токтотулат.

Өчүрүү Чүй проспектиси – Ибраимов көчөсү – Фрунзе көчөсү – Осмонкул көчөсү менен чектелген аймакка тиешелүү.

Маалыматка караганда, убактылуу чектөө диаметри 500 мм болгон суу түтүгүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу.Возможно, это изображение карта и текст

«Бишкексууканал» шаар тургундарынан жана уюмдардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну өтүндү. Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурады.

6-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 91
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X