Бишкек шаарында Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги аймакта мурда курулган конструкциялар демонтаждалып, анын орду көрктөндүрүлөт.
Бишкек шаардык мэриясынан билдиришкендей, учурда менчик ээлери конструкцияны демонтаждоо иштерин жүргүзүүдө. Бул жерде фонтандык композицияны калыбына келтирүү жана жашыл аймакты көрктөндүрүү каралган эскиздик долбоор даярдалган.
Аталган аймакта көчмө жыйын өткөргөн Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев «Айчүрөк» соода борборунун жетекчилигин мурда кетирилген каталарды кайталабоого чакырды.
Мындан тышкары, мэр Ташболот Холдинг компаниясынын өкүлдөрү менен бирге Old Bishkek долбоору жайгашкан аймакты да текшерди. Бул жерде менчик ээлери үч кабаттуу имаратты бузуу чечимин кабыл алышкан. Шаар тургундарынын пикирин эске алуу менен аймакта жөө адамдар үчүн тилке жана жашыл зона уюштуруу пландалууда.
Текшерүүнүн жыйынтыгында мэр шаардык кызматтарга долбоорлордун ишке ашырылышын көзөмөлгө алууну тапшырды. Ошондой эле Чүй проспектисиндеги бардык объектилер, анын ичинде Beren Gold имараты борбор калаанын дизайн-кодуна ылайык келтирилиши керектиги белгиленди.