Бишкектин Достук айылында 750 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады

28-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Коом 118
Бишкектин Биринчи Май районундагы Достук айылында 750 окуучуга ылайыкталган жаңы мектептин курулушу аяктады.

Мектеп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан республикалык бюджеттин эсебинен курулган. Курулуш иштери 2026-жылдын февраль айында башталган.

Жалпы аянты 6 500 чарчы метр болгон үч кабаттуу имаратта окуу класстары, лабораториялар, китепкана, ашкана, жыйындар жана спорт залдары каралган.

Учурда имараттын ички жасалгалоо, эмеректерди жайгаштыруу жана айланасын көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жаңы мектеп Достук айылындагы билим берүү жайларына болгон муктаждыкты азайтып, окуучулар үчүн заманбап шарт түзүүгө багытталган.

28-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Коом 118
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X