Бишкектин таштанды полигонун калыбына келтирүү иштери кайрадан жанданат
Бишкектин түндүк тарабындагы таштанды төгүлүүчү жайды калыбына келтирүү иштери кайрадан жанданды. Бул тууралуу маалыматты мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, сентябрь айында мэрия Европа өнүктүрүү банкына эки жолу кат жөнөткөн. Анда эстониялык Ehitusfirma Rand Ja Tuulberg AS компаниясы бир жарым жылга өлкөдөн чыгып кетип, бардык иштерди токтотуп койгонуна байланыштуу калаа бийлиги аны менен түзүлгөн келишимди жокко чыгарууга ниеттенип жатканы жазылган.
«Компания иштерди жакын арада жандандырып, эки ай аралыгында иш-чаралардын планы түзүлөт. Иштер мөөнөтүндө аткарылбаса, ортодогу келишимди жокко чыгарууга негиз болот», — деп жазылат мэриянын билдирүүсүндө.
Эске салса, октябрь айынын башында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Ehitusfirma Rand Ja Tuulberg AS таштанды полигонун жөнгө салуу үчүн Европа өнүктүрүү банкы бөлгөн 22 млн. евронун 10,5 миллионун коротуп, бирок милдеттенмелерин аткарбаганын билдирген. Мындан улам ал аталган компания менен келишим бузулушу мүмкүн деп айткан.
Ehitusfirma Rand Ja Tuulberg AS компаниясы Бишкектин таштанды төгүүчү жайын жаап, жаңы санитардык полигон кура тургандыгы жөнүндө 2017-жылы эле кабарланган. Анда жаңы полигон эки жылдын ичинде курулуп бүтөрү айтылган.
Мэриянын маалыматына караганда, 2019-жылы келишимге өзгөртүүлөр киргизилип, ишти аяктоо мөөнөтү 2021-жылдын 1-июлуна чейин узартылган. 2020-жылы компания жалпы иштин 34% аткарып, полигондогу иштерди толук токтоткон.