Кыргызстандык спортчулар 8-13-июнь күндөрү Варшава шаарында (Польша) өтө турган кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча эл аралык мелдешке катышат.
Башкы машыктыруучу Нурбек Изабековдун жетекчилиги астында Кыргыз Республикасынын аялдар күрөшү боюнча улуттук курама командасына төмөнкүлөр кирди:
Нураида Анаркулова , Марсбек кызы Назира (59 кг салмакта), Айсулуу Тыныбекова (62 кг), Мээрим Жуманазарова (68 кг) жана Медет кызы Айпери ( 76 кг).