Блогерлер үчүн жаңы талап. 50 миңден ашык аудиториясы барлар реестрге киргизилет
Маданият министрлиги 50 миңден ашык катталуучусу бар блогерлерди Юстиция министрлигинде атайын реестрге киргизүүнү сунуштоодо.
Ведомствонун башчысы Мирбек Мамбеталиевдин айтымында, бул блогерлерди лицензиялоо эмес, алардын ишмердиги тууралуу маалыматты каттоо гана каралууда.
Ошондой эле жалган же текшерилбеген маалыматтарды тараткан блогерлер үчүн жоопкерчилик жана айып пул киргизүү мүмкүнчүлүгү каралууда.
Мыйзам долбоору учурда иштелип жатат. Аны күзүндө тиешелүү макулдашууларга жөнөтүү пландалууда.