Боконтаев менен Швыдкой Айтматовдун 100 жылдыгын белгилөө маселесин талкуулашты

30-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 111

Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Боконтаев Россия президентинин эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой менен жолугуп, 2028-жылы белгилене турган Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына даярдык маселесин талкуулады.

Тараптар ошондой эле Лев Толстойдун 200 жылдыгын биргелешип өткөрүү боюнча да пикир алышып, эки өлкөнүн маданий-гуманитардык кызматташтыгын кеңейтүүнүн маанисине токтолушту.

Жолугушууда Айтматов менен Толстойдун мааракелерин биргелешип өткөрүү руханий баалуулуктарды даңазалоого, элдердин достугун жана өз ара түшүнүшүүсүн бекемдөөгө кызмат кылаары белгиленди.

Жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Россиянын союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин чыңдоого багытталган маданий демилгелерди биргелешип ишке ашырууну макулдашышты.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X